• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткендеги аба майданга Раззаковдун ысымы берилди

8 Бештин айы 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

Баткендеги Исфана аэропорту оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Исфана аэропортуна улуу инсан Исхак Раззаковдун ысымы берилип, анын ачылуу аземине премьер министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков, Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жаныбек Жалалов катышкан.

Белгилей кетсек, 2018-жылы аталган аэропорттун терминал имаратын куруу башталып, ага 19,149 миң сом каражат, ал эми учуу тилкесине асфальт төшөө үчүн 58 млн сом жумшалган.

Количество просмотров: 58