• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024
ÄÒÏ íà Ëþñòäîðôñêîé äîðîãå â Îäåññå 26 ñåíòÿáðÿ 2008 ã.

Баткендеги жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул жолу өкмөт эмне ката кетирди? Соңку жаңылыктар 07.03.18.

7 Жалган куран 2018 15:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.03.2018. Govori.TV.
Өкмөт эмне ката кетирди
Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев буга чейин өкмөт көп ката кетирип, бирок жоопкерчилик тартпаганын айтты. «Кечээ Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтып келген мыйзамды карадык. Өкмөт өкүлдөрү премьер-министр Орусия менен миграциялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча келишимин үч окууда кабыл алып бергиле деп суранып жатканын айтышкан. Андан соң биз кабыл алганбыз. Эки айдан кийин өкмөт башчы президентке «мыйзамсыз мыйзам кабыл алынып калды вето коюңуз» деп кат жазууда. Жоопкерчилик кайда, мамлекет силерге оюнчукпу? Биринчиден Кыргыз мамлекетинин беделине доо кетти. Орусия менен кол койгон, парламент үч окууда өкмөт башчынын суранычы менен колдогон келишим мыйзамсыз экен. Экинчиден Орусия менен мамилебиз кандай болот? Кыргыз мамлекети мыйзамсыз ратификацияны кабыл алдыкпы? Президентти жаманатты кылып жатасыңар. Орусия менен келишимге вето коюлуп жатат. Бул эл аралык мамиледе чоң ката. Биз бузук мыйзам менен өлкөнү оңдоп, парламенттин кадырын көтөрө албайбы», — дейт Иманалиев.
ӨКМнын кызматкерлери нааразы
Айлык акыны көтөрүү талабын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери да коюшту. Атын атагысы келбеген кызматкерлердин маалыматы боюнча, облустун бардык аймактарынан өкүлдөр министрликке келип, нааразылыгын билдиришти.5-мартта эмгек акыны көтөрүү талабын Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери коюп, иш түйшүктүү экенине карабай, маяна аздыгына, зыяндуулук жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болушкан. Кээ бирлери пенсияга байланыштуу кыйынчылыктарды айтышкан. Министрликтен алынган маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша 8 миң сомдон жогору маяна алышат. Ага ар кайсы жүйөлөр менен дагы сумма кошулуп берилет.
Баткендеги жол кырсыгынан 3 адам жабыркады 
Баткен облусундагы Кадамжай районунда болгон жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул туурасында Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн маалымдалды.»Болжол менен саат 11:00 чамасында Daewoo Matiz жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, натыйжада жеңил унаадагы 2 жүргүнчү жана унаанын айдоочусу жаракат алган. Кырсык болгон жерден жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, учурда абалдары туруктуу», — деп билдирет аталган бөлүмдөн.Ал эми Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жаракат алган эмес. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

 

Количество просмотров: 18