• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 11жаштагы бала каза болду. Журналисттер жана адвокаттарга акча чогултуу уланат. Соңку жаңылыктар 05.02.18

5 Жалган куран 2018 15:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.03.2018.Govori.TV
Коррупцияга каршы митинг 
Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы митинг уюштуруп жаткандар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келишти. Алар жол бою “Коррупцияга жол жок, Токбаева, Архарова, Воронцова, Жамашева кызматтан кетсин” деген ураандарды айтып келишти. Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу тапшырганы турушат. Митингди уюштуруучулардын бири Рита Карасартова ал кайрылууда тандалган соттор кандай чечимдерди кабыл алганы жана кандай иштерди караганы тууралуу досье жана коррупцияга каршы күрөштү сөздөн ишке өтүү өтүнүчү бар экенин билдирүүдө. Ал президенттин коррупцияга каршы саясатын митингчилер колдой турганын, бирок ал күрөштөн жыйынтык чыгышы керектигин белгиледи. Нааразылык акциясына чыккандар Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Журналисттерди жана адвокаттарды колдоо үчүн акча чогултуу уланат 
Журналисттерди жана адвокаттарды колдоо үчүн акча чогултуу уланууда. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жалпысынан 398 595 сом чогулду. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы «Медиа Фокус» коомдук уюмунун эсебине 2-март күнү 53 миң сом которгон. Экс-президенттин доосуна жыгылган журналисттерди колдоо үчүн акча чогултуу өткөн жылдын декабрь айында «Сөз эркиндигин коргоо комитети» тарабынан башталган. Белгилей кетсек былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.
Жол кырсыгынан төрт адам каза болду 
Кырсык Бишкек-Ош жолунда, Өтмөк ашуусуна жакын жерде болду. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматында Scania маркасында жүк ташуучу унаа менен Toyota Ist маркасындагы жеңил унаа кагышкан.Жүк ташуучу унаанын айдоочусунун айтымында ал өз жолу менен бара жаткан.«Жеңил унаа капыстан маңдайыма чыга калды».-дейт ал. Кырсык болгон жерде жеңил унааны ичиндеги 4 адам тең каза болду. Арасында 11 жашар бала бар.

 

Количество просмотров: 19