• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сегиз жаштагы кыздын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. “Өз укугуңдү бил!” маршы. Соңку жаңылыктар 13.03.18.

13 Жалган куран 2018 12:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.03.18.Govori.TV

“Өз укугуңдү бил!”

“Өз укугуңдү бил!” деп аталган маалымат өнөктүгүнүн алкагында уюштулуруп жаткан жаштар маршы бүгүн Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилишинде башталып, борбордук аянттагы Курманжан Датканын эстелигинин жанында аяктайт. Флешмоб өтүп, атайын тигилген чатырда китепчелер, баракчалар элге таратылат. Жаштар тобу Ички иштер, Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер министрликтерине маалымат материалдарын тапшырат. Аталган өнөктүк 12-мартта башталган. Аны Акыйкатчы институту, Кыйноого каршы улуттук борбор, Борбор Азиядагы түрмө реформасы, адвокатура, «Кылым шамы», «Бир дүйнө — Кыргызстан, «Балдар укугун коргоо лигасы» укук коргоо уюмдары чогуу уюштуруп, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөткөн.
Сегиз жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду
Сегиз жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, секелектин катуу токмок жеп ооруканага түшкөнүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Аламүдүн райондук милициясы иликтөө жүрүшүндө анын Маевка айылынын тургуну экенин аныктап, Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Денеге атайлап зыян келтирүү) боюнча иш козголгон. Териштирүү аяктагандан кийин кылмыш ишинин беренелери өзгөрүшү мүмкүн. Сегиз жаштагы секелек денесинен жана башынан жараат алып, 11-мартка караган түнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына «Тез жардам» менен жеткирилген. Интернетте ал «өгөй энесинен запкы көргөн» деген маалымат тарап жатат, кыз менен кошо ооруканада жаткан аялдар анын ыйламсырап, жардам сураганы тартылган видеону да жарыялашты. Анда секелек өгөй энесинен буга чейин да катуу токмок жеп келгенин, бул ирет отургуч менен чаап, башына чөмүч менен урганын айтып берген. Милиция кызды ургандар тууралуу тергөө бүткөндөн кийин маалымат берилерин билдирди. 
Суперкубок
Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу 1-апрелде өтөт. Анда 2017-жылы өлкөнүн кубогун уткан “Дордой” командасы менен Топ Лиганын 2017-жылдагы чемпиону “Алай” командалары кез келет. Бул тууралуу «Дордой» клубу өздүк баракчасына жазды.Маалым болгондой, Суперкубок Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда 1-апрель күнү саат 15:00дө башталат. Белгилей кетсек, Суперкубок 2011-жылдан тартып өлкө биринчилиги Топ Лига башталганга чейин өткөрүлүп келет.

 

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 24