• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Батукаевди бошоткон судья Эрматов камакка алынат

22 Кулжа 2019 20:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынат. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Соттор кеңеши макулдугун берип, судья Эрматов кармалган. Биринчи май райондук соту азыр анын бөгөт чарасын карап жатат.

Башкы прокуратура уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун боштондукка чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш ачылганын жарыялаган. Анын тараткан маалыматына ылайык, ишти караган судья Жапар Эрматов 2013-жылдын 9-апрелинде №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучунун өзгөчө оор кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген кримтөбөл Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу сунуштамасын мыйзамсыз караган. Анткени мындай сунуштаманы мекеменин ыйгарым укуктуу жетекчиси же ЖАМКтын төрагасы гана берүүгө укугу болгон. Судьяга мындан башка Азиз Батукаевдин оор дартка чалдыкканы боюнча материалдарды текшербестен, эркиндикке чыгарып, анын Кыргызстандан чыгып кетишине өбөлгө түзгөн деген айып коюлууда.

Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата материалдар 335-берене («Көз көрүнөө сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу»), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Теги:
Количество просмотров: 29