Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүн пиар кылып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
«Эл түшүнүп жатат деген чындыгында жөн гана шылтоо. Себеби эл кыйналып жатат. Министрлер кабинети иштеши керек»,-деди Бекешев.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов элди түйшөлткөн кымбатчылык маселеси Кыргызстанда эле эмес, дүйнө өлкөлөрүндө болуп жатканын айтып, эл муну түшүнүү менен кабыл ала баштаганын «Маралдын» эфиринде билдирген болчу.