• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Байсалов: Кымбатчылыкты элибиз түшүнүп турат

2 Бирдин айы 2022 14:50 Бишкек Govori.TV

Актануу эмес, бирок кымбатчылыкты элибиз түшүнүп турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маралга» берген маегинде билдирген.

Анда ал КРнын Министрлер Кабинети 100 күндүк иштөөдө эмнеге жетишкендиктерин айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Азыркы учурда кымбатчылык жалпы дүйнө жүзүндө болуп жатат, бул обьективдүү. Актануу эмес, бирок кымбатчылыкты элибиз түшүнүп турат. Бир нече адамдар гана буга бийликти күнөөлөйт. Маселе дүйнөлүк басылмаларда дагы айтылып жатат. Ал эми күйүүчү май бизден чыкпайт, баары сырттан келет. Өткөн жылдын ноябрь айында бизге күйүүчү майды импорт кылып жаткан компаниялар кайрылып, 10-15 сомго кымбаттатабыз дегенде бийлик тарабынан катуу чара көрүлгөн. Ошондуктан азыр кымбаттаган баалар анчейин көтөрүлгөн жок, болбосо эки эсеге кымбаттап кетүү коркунучу бар болчу», — деди Байсалов.»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 209