• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Бельгиялык туристтин Кырчында жоголгон сумкасы табылды 

6 Аяк оона 2018 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.09.2018. Govori.TV

Милиция кызматкерлери бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын кайтарып беришти. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көргөнү келген турист Кырчын жайлоосунда маданий иш-чараларды көрүп жүрүп сумкасын боз үйлөрдүн бирине унутуп кеткен.

«Вильгельм Шуберт аттуу турист сумкасын Дархан айлынан келген тургундардын боз үйүнө унутуп кетиптир. Үй ээси дароо бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабар берген. Сумканын ичинде кымбат балуу фотоаппарат, документтер болгон. Анын бары ээсине кайтарылып берилди», — деп билдирди маалымат кызматы.

 

Количество просмотров: 17