• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Белгилүү балерина Асымкүл Баетова дүйнөдөн кайтты

11 Бирдин айы 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисткасы Асымкүл Баетова 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Асымкүл Баетова 1942-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Ленинграддагы А. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайын аяктаган. 1959-жылдан тартып Кыргызстандын Опера жана балет театрынын солисткасы болуп, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу», «Жизел», «Ромео жана Жульетта» жана башка балеттерде башкы ролдорду ойногон. Мындан тышкары «Анар», «Куйручук», «Асел» жана башка улуттук спектаклдерге катышкан. 1982-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Асымкүл Баетованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-февралда Чоң-Таш айылында болот.

Теги:
Количество просмотров: 27