• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бетон аралаштыргыч имаратка кулап, 3 адам каза болгон. Шектүүлөр кармалды

23 Аяк оона 202512:45 Бишкек Govori.TV

Кара-Жыгачтагы жеке ишканада имаратка бетон аралаштыргыч кулап ичиндеги чет элдик 3 жаран каза болгон.

Чүй ОИИББдин маалыматы боюнча, 22-сентябрда саат 14:10до милицияга «НБ» ЖЧКсында бетон конструкциясы адамдарды басып калганы тууралуу чакыруу түшкөн.

«Бетон аралаштыргыч мунара орнотулуп жатканда, жабдуу имаратка кулап түшкөн, анын ичинде 3 жумушчу: 1995- жылы туулган Н.Б. аттуу уста, 1990-жылы туулган Ж.А. аттуу оператор, 1978-жылы туулган К.Э. аттуу экинчи оператор — баары чет элдик жарандар болгон. Куткаруучулар жана милиция кызматкерлери алардын сөөгүн урандылардын астынан табышкан. Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталды», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү катары 1979-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган И.И. жана 1990-жылы туулган Л.В. аттуу жарандар кармалган.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 427