Билим берүү жана илим министрлигине карата калктын ишеним индекси 37,3%га көтөрүлүп, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен министрликтер арасында 3-сапка чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га жогорулаган.
«Калктын ишеним индекси» 3 негизги индекстен турат:
2019-жылы министрлик калктын ишеним индекси боюнча акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүчүн көрсөтүп, министрликтер арасында 7-орундан 4-орунга көтөрүлгөн эле. 2019-жылдын 1-жарымында 24,9% болсо (7-орун), 2019-жылдын аягына келип, көрсөткүч 30,5%га (4-орун) жогорулаган болчу.
Улуттук статистика комитети 2012 жылдан тартып системдүү түрдө 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде “Калктын ишеним индексин” түзөт. Жарандардын жоопторунун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн алардын сапатын, жарандар менен өз ара кызматташуусун аныкташат.