Бишкек. 08.03.2019. Govori.TV
Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева өзүнүн канча айлык ала турганын маалымдады.
Бул тууралуу ал 7-мартта Фейсбуктун окурмандары менен түз эфир уюштуруп жаткан учурда айтты.
“Менин айлыгым 28 миң сом”,- деп билдирди министр айым.
Эскерте кетсек, кечээ 7-мартта саат 17.00дө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын катышуусу менен түз эфир өткөн.
Билим берүү министрине катыштуу суроолорду окурмандар Facebook баракчасына жазышкан.
Булак: Барометр