• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жаш ырчынын клиби аз убакыт ичинде 4 миллионго жакын көрүүчү топтоду

10 Аяк оона 201911:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз шоу чөйрөсүдө жаңы ачылыш жасалып, жаңы чыгып жаткан Элдос Алмаз аттуу ырчынын жаңы чыккан «Күткөн күн келди» ырынын клиби ютуб каналында бир ай ичинде 4 миллионго жакын көрүүчү топтоду.

Жаш ырчынын бул ыры коомчулуктун көңүлүнө бат эле жагып, элге сиңди десек болот.

Азыркы шоу чөйрөсүндөгү ырчылардын чыгармаларына тартылган клиптер ютуб тармагына жайгаштырылып, аны көрүүчүлөрдүн саны менен ырдын атактуулугу ченелип калганы маалым. Ал эми кыргыз ырчыларынын арасында Мирбек Атабеков, Алмаз Шаадаев, Нурлан Насип өңдүү аткаруучулар алдыңкы сапты бербей келет.

Количество просмотров: 367