Бир жуманын ичинде 5582 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан 1-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5582 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -59;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -15;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -88;
-“Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар -113;
-Башка жол эрежелерин бузуулар -5307.
502 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.