• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бир күндө «112» номерине коронавирус боюнча 85 чалуу түшкөн

19 Баш оона 2020 10:44 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» кызматына бир сутка ичинде жалпы 5 миң 825 чалуу болсо, анын ичинен 85 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти

2020-жылдын 18-август күнү өлкө боюнча 61 400 погондук метр унаа жолдор, 28 миң чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. ӨКМ тарабынан жалпы 1 миң 502 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик рабынан 200 кызматкер жана 17 унаа тартылган.

Количество просмотров: 92