Өлкөдө дагы 517 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Бишкек шаарында 142 киши, Ош шаарында – 49, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 87, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда 45 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди Акматова.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 31 миң 281ге жетти.