Базар-Коргон милициясы изи сууй электе автоунаа айдап качкан жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө 19 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 31-март күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Базар-Коргон районунун Суу-Башы айылында “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасында жүргүнчү катары бара жаткан жаран коркутуп, бети-башына уруп, автоунаасын айдап кетип калгандыгын билдирген.
Бул окуя Базар-Коргон РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Шектүү катары Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын тургуну 2001-ж.т. М.А. ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.