• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бир нече жолу суракка чакырылган Мадумаров тергөө амалдары аяктаганын айтты

26 Үчтүн айы 2022 18:06 Бишкек Govori.TV

2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу бир нече жолу Башкы прокуратурага суракка чакырылган депутат Адахан Мадумаров тергөө амалдары аяктаганын билдирди.

«Кечээ, 25-январь күнү тергөө амалдары аяктаганын кабарлашты. Мындан ары жыйналып, кеңешип өздөрүнүн тыянагына келишет. Алар кандай чечим кабыл алышат? Кыргыз мыйзамдарына ылайык деген болсо, биз мыйзам сыйлаган өлкө эмеспиз. Түзүлгөн кырдаалга жараша десек туура болот. Мына азыр Кувейт фонду менен түзүлгөн келишимдин ратификациясы каралат. Кыргыз Республикасынын атынан түзүлгөн келишимди парламентке бекитүүгө алып келди. Өлкөнүн атынан коюлган келишим дагы тастыктоосуз ишке кирбейт. Анан Кыргыз Республикасынын атынан кол коюлган кагаз ратификациясыз ишке кирбейт дагы Мадумаровдун жумушчу жолугушуусунун кагазы ишке кирип кетеби? Мына парадокс»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Адахан Мадумаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу суракка чакырылган. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Количество просмотров: 1142