Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алсак:
Бишкек шаарында – 1;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусунда – 2;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.
ӨКМден билдиришкендей, 22-июндан 25-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын …