Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында– 2, Чүй облусунда – 2, Баткен облусунда – 6 медкызматкер илдетке кабылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3544 учур катталды, алардын ичинен 3166 медкызматкер айыгып чыкты.