• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бир жылда Бишкек шаарында жол кырсыгынан 72 адам ажал тапкан

18 Үчтүн айы 2021 18:57 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында 12 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында Бишкек ШИИББнын орун басары Эрлан Атантаев жана милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков жана анын орун басарлары, башкармалыктын полкунун командири, жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 12 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөндөгү аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

«Алсак Бишкек шаарынын аймагында 12 ай ичинде жалпысынан 2183 жол транспорт кырсыктары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 428 ге азайган. Жол кырсыгынан жаракат алган жарандардын саны 2860ты түзүп, өткөн жылдын 12 айына салыштырмалуу 430га азайган. Ал эми жол кырсыгынан 72 жаран көз жумган. Жалпысынан алганда 12 ай ичинде Бишкек шаарынын аймагында өткөн жылга салыштырмалуу 16,39 пайызга жол кырсыктары азайгандыгы байкалган. Түзүлгөн протоколдордун саны 206147ни түзүп, өткөн жылгы салыштырмалуу 127177ге көп толтурулган. Аларга жалпысынан 316975500 айып пул салынып, бүгүнкү күндө 121885120 сом өндүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинен:

-Мас абалында авто унаа башкаруу 3015;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо 1004 ;

-Авто унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо 3785;

-Мындан башка толтурулган протоколдор 198343;

Мындан сырткары кеңешмеде коомдук коопсуздук, жана “102” линиясы боюча жарандардан түшкөн кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу тейлөө боюнча ишмердүүлүктүү күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлган.

Количество просмотров: 68