«Бишкек башкы курулуш» ишканасы экс-президент А.Атамбаевге дача тургузууга уруксат берген документ берген эмес
«Бишкек башкы курулуш» ишканасы экс-президент А.Атамбаевге дача тургузууга уруксат берген документ берген эмес
22 Жетинин айы 2018 14:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.11.2018.Govori.TV
«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» ишканасы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дачасынын курулушуна документ берген эмес. Бул тууралуу жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди.
«Бишкек башкы курулушу» ишканасы экс-президент Алмазбек Атамбаевге дача тургузуу үчүн эч кандай уруксат берүүчү документ берген эмес. Мамлекеттик курулуш экспертиза дагы жүргүзгөн эмес»,-деди Наталья Никитенко.
Эскерте кетсек, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагына экс-президент Алмазбек Атамбаев 89,3 миллион сомго үй салган.