Бишкек.20.08.2019.Govori.TV
22-августтан баштап, Бишкек-Дели-Бишкек багытындагы учактар кайрадан каттай баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каттамдарды дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Avia Traffic компаниясы аткарат.
“Рейс үстүбүздөгү жылдын февраль айында Индия менен Пакистандын ортосундагы аба мейкиндиги боюнча чырга байланыштуу токтотулган. Пакистан алар аркылуу Индия тарапты көздөй учууга тыюу салган. Эми учак мурдагы эле аба жолу менен уча берет”,-деп айтылат маалыматта.