Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн.
Буга байланыштуу министрлик жашоочулардын сак болушун эскертти.