Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.
«Бишкекжарнама» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Сыдыков дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Эмил Сыдыков жаңы кызматка дайындалгандан кийин, мыйзам боюнча депутаттык мандатын тапшырышы керек.
Маалыматка ылайык, Эмил Сыдыков 35 жашта. Бухгалтердик эсеп адистиги боюнча жогорку билимдин ээси. Үй-бүлөөлү, 4 баланын атасы.