«Кыргызавтожол» жол тейлөө ишканасы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 9 ноябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 км бөлүгүндө (Долон ашуусу) жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.
«Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп кошумчалашты мекемеден.