Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.
Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, жол кырсык бүгүн, 4-июнда саат 08:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарына караштуу тилкесинде катталган. Жолдун жээгинде токтоп турган «Ауди» үлгүсүндөгү унааны (такси) Бишкек—Ош багытында бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп барып, аллеяга кирип токтогон. Натыйжада таксиде олтурган эки жүргүнчү шаардык ооруканага түшкөн.
Күбөлөрдүн болжолдуу маалыматына караганда, «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
Жол кырсык боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.