• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда азык-түлүк ташыган унаа күйүп кетти

25 Баш оона 202112:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош жолунун 330 чакырымында “Мерседес-Бенц Гигант” үлгүсүндөгү азык-түлүк ташыган унаа толук күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 04:27 чамасында Кетмен-Төбө айыл аймагында жүк ташуучу унаа толук күйүп кеткен. Өрттүн себеби эки унаанын кагылышуусунан келип чыккан.

Тилсиз жоону өчүрүүгө эки бөлүм тартылган, саат 11:10 өрт толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 412