• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкек-Ош жолунда бензовоз ала салып, айдоочусу каза болду (Видео)

6 Баш оона 2021 14:44 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташуучу унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. Анда Freightliner үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган бензовоз унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып сайга кулап түшкөн.Кырсыктын кесепетинен 60 жаштагы Б.Ж. аттуу айдоочусу каза болуп, 39 жаштагы жүргүнчүсү жабыркаган.

«Унаада 35 тонна күйүүчү май (солярка) болгон, төгүлгөн күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына кошулган. Ал эми каза болгон адамдын сөөгү жана жабыркаган адам «Тез жардам» кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

ИИМдин кызматкерлери жана экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 180