• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, эки адам жабыркады

18 Бирдин айы 202111:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 236-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы 3 куткаруучу Камаз унаасы менен чыгышып, унааны жылдырып беришкен.

Количество просмотров: 153