• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкек шаардык кеңеши 3 сааттан бери ишин баштай албай жатат

5 Чын куран 201814:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.04.02. Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясы болмок, жыйын тогузда башталмак. Бирок депутаттар адаттагыдай эле кечигип келишти. Анысы аз келгенсип үч сааттан бери күн тартибин беките албай жатышат.

Күн тартибинин долбоорунда 7 маселе бар. Алар 14-бала-бакчаны өз максатында пайдалануу, мектептердеги, бала-бакчалардагы жана ооруканалардагы өрт коопсуздугу. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, чыгымдарды оптимизациялоо жана башка маселелер.

Бирок депутаттар талашып-тартышып жатып, дем алууга тарап кетишти.

 

Количество просмотров: 40