• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек шаарынын тургуну өз энесин үйүнөн кууп чыккан (видео)

23 Чын куран 2021 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын тургуну өз энесин үйүнөн кууп чыккан. Бул тууралуу жабырлануучу аялдын уулу Улан Айнидинов Kaktus.media редакциясына билдирди.

Анын айтымында, өзүнүн эжеси карыган энесин үйдөн кууп чыгып жатат.

Айнидиновдун айтымында, 2013-жылы анын энеси, 1955-жылы туулган Жамалкан Эгимбаева үч бөлмөлүү батирин сатып, Кара-Жыгачтан үй сатып алган. Андан кийин Жамалкан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде бул үйдү кызы Аселге кайрадан каттоодон өткөрүп берген.

2019-жылы апасы өткөрүп берген үйдү Асел уулу Мирлан Талант уулуна берген. Бирок, ал бул үйдө жашаган апасына да, инисине да кабар берген эмес.

Жамалкан Эгимбаева небереси үйдөн чыгарылсын деп сотко бергенде гана үй кайрадан каттоодон өткөнүн билген.

“Биздин энебиз жалгыз өзү үч баланы тарбиялап өстүрдү. Атам эрте каза болду. Ар бирибиздин экиден жогорку билимибиз бар.Энебиз кызы кылган мындай мамилеге татыктуу эмес”, – деп белгилейт Улан Айнидинов.

2020-жылдын 6-октябрында (Октябрь окуялары болгон күнү) Октябрь районунун судьясы Чынгыз Адамкулов 66 жаштагы аялды жана Улан Айнидиновду башка турак жай бербей үйдөн чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат.

Сот Улан Айнидинов менен Жамалкан Эгимбаеванын спирт ичимдиктерин такай ичип турушат деп аныктаган.

“Апамды үйдөн кууп чыгуу үчүн,бир тууган эжем жана жээним анын колун скотч менен ороп, аны жаман кылып көрсөтүү үчүн оозуна арак куюшкан. Сотто анын ичип жаткандыгын далилдөөгө аракет кылып кошуналардан күбө болууну суранышкан, бирок алардын бири дагы макул болгон жок. Менин апам ичпестигин жана өмүр бою медайым болуп иштегенин бардыгы билишет “, – деди Айнидинов.

Булак: Kaktus.media

Количество просмотров: 991