• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек ШИИББдин жана Биринчи май РИИБдин жетекчилик курамы дайындалды

10 Чын куран 2021 14:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББдин жана Биринчи Май РИИБдин жетекчилик курамы дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын полковниги Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББдин начальнигинин кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

Милициянын полковниги Т. Тюкебаев Бишкек ШИИББдин начальнигинин орун басарынын кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБдин начальниги болуп иштеп келген.

Милициянын полковниги К. Курманалиева, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Милициянын полковниги М.Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Милициянын подполковниги У.Орозалиев Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын подполковниги Р. Бердибаев, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын полковниги Ж.Шералиев, Бишкек ШИИББдин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын начальниги кызматына дайындалды.

Милициянын майору Б. Турапова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Количество просмотров: 256