• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

ИИМде кадрдык өзгөрүүлөр. Бишкек ШИИББге жаңы жетекчи келди

15 Бирдин айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Бакыт Матмусаев Бишкек ШИИББдин жетекчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Матмусаев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Ал Бишкек ШИИББге Канат Жумагазиевдин ордуна келди.

Ал эми Канат Жумагазиев Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси болду.

Алдын ала маалыматка караганда, бул тууралуу 12-февралда ИИМдин коллегиясында айтылган.

Кошумчалангандай, Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБдин башчысы болуп Уланбек Аалиев дайындалды.

Ал буга чейин Нарын ОИИБди жетектеп келген.

Ал эми Октябрь РИИБди жетектеп келген Уланбек Султанов ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 141