• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды жумушка чакырат

13 Аяк оона 202117:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айдоочуларды жумушка алуу 2022-жылы 120 электробустун келишине байланыштуу.

«Биз 2022-жылга айдоочулук тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес «D» категориясындагы айдоочуларды жана троллейбустун айдоочуларын кабыл алабыз. Өз кезегинде, ишкана төмөнкүлөргө кепилдик берет: бекер окуу жана практика, расмий жумуш орду, социалдык пакет, татыктуу эмгек акы», — деп айтылат малыматта.

Маалымат үчүн БТБнын кадрлар бөлүмүнө 0312657590 байланыш номери аркылуу чалыңыздар.

Количество просмотров: 308