Жакынкы эки күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.
Эскерте кетсек, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.
“Кызматкерлерибиз эки нөөмөттө кызмат өтөйт. Жол коопсуздугун камсыздоого 660 кызматкер жана 180 автоунаа тартылган. Унаа жолдору болжол менен 15-20 мүнөткө убактылуу жабылып турат”, — дейт ал.
Ашырбеков төмөнкү жолдор убактылуу жабыла турганын маалымдады:
“Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранабыз”, — деди ал.