• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекке 58 жаңы автобус келди

16 Тогуздун айы 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекке кезектеги 58 жаңы автобус келди. Муниципалитеттен билдиришкендей, автобустар Кытайдын «Golden Dragon» заводунан Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде алынып келди.

Белгиленгендей, автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган.

Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.

Количество просмотров: 96