• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекке Делиден 64 кыргызстандык кайтарылды

31 Баш оона 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Дели – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттам менен 64 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Количество просмотров: 66