• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар качан келет? Мэрдин жообу

23 Жетинин айы 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекке Кытайдын газ менен жүрүүчү 120 автобусу 15-декабрга чейин келет. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, күн мурун автобусту курган ишкананын директору менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

«Автобустардын жүрө турган үч маршруттук схемасы түзүлдү. Негизинен алар шаардын борбордук көчөлөрүндө каттайт. Өз кезегинде, учурда борбордук көчөлөрдө каттап жаткан айрым автобустардын жүрүү схемасын өзгөрттүү пландалууда. Белгилей кетсек, автобустар шаардык бюджеттин эсебинен алынууда. Алар бардык шарттарга жооп берет», — деди ал.

Мэр ошондой эле 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 500 автобус келерин кошумчалады.

Количество просмотров: 67