• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекке Индиядан 16 кыргызстандык кайтып келди

1 Кулжа 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунда «Air India» авиакомпаниясынын Дели-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейсин тосуп алышты, бул каттам Кыргызстандан Индиянын жарандарын чыгарып кетүү үчүн индия тарабы менен уюштурулган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Индия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, бул рейс менен 16 КР жараны кайтып келди.
Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылат.

Количество просмотров: 119