• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте №102 жана №162 автобус каттамы ишке кирди

4 Бештин айы 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы №102 жана №162 автобус каттамы ишке киргенин кабарлады.

Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Автобустарды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№102 автобус Рухий- Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 чакырым. Автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.

№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.

Теги:
Количество просмотров: 162