• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады

29 Жетинин айы 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

28-ноябрдан тарта Бишкек шаарында №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган каттам «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тарабынан тейленүүдө.

Мындай чечимди шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен мекемелер аралык комиссия кабыл алды.

Белгиленгендей, маршрут Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин каттайт, узундугу 34,8 чакырым жолду басып өтөт, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Каттамда 20 автобус бар.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруттук таксилер толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Количество просмотров: 194