Бишкек шаарында 12 жаштагы Бебеза Саид аттуу өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Свердлов РИИБге Бишкек шаарынын жашоочусу тарабынан арыз келип түшкөн. Арызда уулу бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу жазылган. Өспүрүм 16-сентябрда саат 15:00 чамасында Дордой конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара.
Ошол күнү мектеп формасын — ак көйнөк, кара шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Аны көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы барлар (0553)102387, (0702) 228505, (0702 )498888, (0552) 102743 жана 102 номерлерине байланышып коюуну Бишкек ШИИББи өтүнөт.