Бишкекте 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 20-апрелге караган түнү болжол менен саат 00:41лер чамасында Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа Ч. Айтматов көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, аталган багытта бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Андан кийин карама-каршы багытта келе жаткан «Хундай-Портер» унаасын сүзүп, андан ары карама-каршы багыттагы «Хонда Тернео» унаасын сүзүп токтогон.
Натыйжада жол кырсыгынан 3 киши жабыркап, ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген.