• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте 45 жаштагы аял поезд сүзүп кетип, каза болду

9 Бирдин айы 2022 16:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, эртең менен Бишкектин Некрасов жана Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде поезд аял кишини сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн жерине РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон аялдын өздүгү такталган, ал 1977-жылы туулган К.Э. аттуу аял экендиги аныкталган.

Аталган факт каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 521