• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте 9 жаштагы кыз изделип жатат

2 Жетинин айы 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин РИИБи тогуз жаштагы Аяна Эмилбекованы издеп жатат. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-октябрда Ж.У. аттуу шаар тургуну 2011-жылы төрөлгөн Эмилбекова Аяна дайынсыз жоголуп жатканын айтып кайрылган. Аяна болжол менен саат 15:00 чамасында Абдраев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кетип, кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 120-130 см чамалуу, арык чырай, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийими: кызгылт өңдөгү шым жана чыптама, спорттук бут кийим.

Аянанын жүргөн жерин билгендер 0312 35-26-05, 0553 10-24-56, 0703 40-16-00, 0553 10-28-80, 0551 10-23-26 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.

Теги:
Количество просмотров: 159