• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте “Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюу иш-чарасы өттү (сүрөт)

26 Тогуздун айы 2021 15:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул күн Кыргызстанда 1999-2000-жылдардагы эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери, Баткен жоокерлеринин республикалык кеңешинин, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуясында каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.

“Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин аткарып, берген антына бекем туруп, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн өмүрүн берген жоокерлерибизди элибиз эсинде түбөлүккө сактайт”,- деди коргоо министри өз сөзүндө.

Аталган иш-чара Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында митинг-реквием менен уланды.

Митингде курман болгондорду бир мүнөткө эскерүү болуп, үч ирет залп менен ок атылды

Количество просмотров: 334