• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте дарыгерге кол салуу майда бейбаштык катары катталды

20 Чын куран 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таировго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралу агенттикке Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, медицина кызматкери “102” кызматына кайрылган, окуя болгон жерге ыкчам кызматкерлер барышып, жабырлануучунун арызын кабыл алышкан. Жабырлануучу ага чала тааныш адам анын денесине залал келтирип, эшикти талкалап салганын айткан.

Аталган факт жоруктар жөнүндөгү Кодекстин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча КЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Ошондой эле, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери айтылган.

Эскерте кетсек, Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таиров социалдык тармактарга аны жумуш ордунда токмоктоп кетишкенин жазган.

Количество просмотров: 123