• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, бир жөө жүргүнчү жабыркады

19 Жалган куран 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

18-мартта болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Токомбаев жана Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-мартында болжол менен саат 23:00 чамасында 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу айдоочу Мерчедеч-Бенц үлгүсундөгү авто унаасы менен А.Токомбаев көчөсүнөнөн батыш тарапка бара жатып, Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен Субару-Легаси үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшүп, андан ары жөө жүргүнчүнү сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынын натыйжасында Субару-Легаси үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү, ошондой эле жөө жургүнчү 2001-жылкы кыз жабыркап ооруканага кайрылган.

Азыркы учурда авто унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экпертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 134