• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте эркек кишини уурдап кетип, сабагандар колго түштү

5 Кулжа 2020 17:02 Бишкек Govori.TV


Бишкекте жайгашкан базарлардын биринде киши уурдаганга шектелип, төрт жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мурда сот жоопкерчилигине тартылган жаранды өз ара эсептешүү үчүн уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Шектүүлөрдү кармоо иштерин Сокулуктагы Күн-Туу айылы тарапта ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Ленин РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн. Жыйынтыгында 4 адам кармалды. Алар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында туулганы, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылып, бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы такталды»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган адам токмоктолгон абалда ооруканага жеткирилген. Шектүүлөр убактылуу камакка алынды.

Количество просмотров: 6670